Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 132
Талас райондук өнүктүрүү фондусуна күрөш залын курууга жазылган долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагына типтүү күрөш залын курууга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоор тууралу маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Айыл аймагына типтүү күрөш залын курууга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорго макулдук берилсин.
2. Күрөш залын курууга керектүү юридикалык документтерди даярдоо жана сметасын түзүү жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.С.Кыдыров |