Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 133
“Андаш” чарбалар аралык каналынын бүткөн жерине суу топтоочу жай (БСР) курууга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын “Андаш” чарбалар аралык каналынын бүткөн жерине суу топтоочу жай (БСР) курууга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоор тууралу маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Айыл аймагындагы “Андаш” чарбалар аралык каналынын бүткөн жерине суу топтоочу жай (БСР) курууга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорго макулдук берилсин.
2. Суу топтоочу жай (БСР) курууга керектүү юридикалык документтерди даярдоо жана сметасын түзүү жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.С.Кыдыров |