Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 135
Айыл аймагындагы М.Сейталиев атындагы орто мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын М.Сейталиев атындагы орто мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн жазылган долбоор тууралу маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Айыл аймагындагы М.Сейталиев атындагы орто мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорго макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.С.Кыдыров |