Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 136
“Төш-Машат” ИСКАКБ нин ремонт иштерине акча каржатын болүп берүу жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын “Төш-Машат” ИСКАКБ нин ремонт иштерине акча каржатын бөлүп берүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. “Төш-Машат” ИСКАКБ нин ремонт иштерине 2021-жылдын бюджеттик жылдын аягында түзүлгөн жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн бюджеттик каражат эсебинен 259,600 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.С.Кыдыров |