Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 токтомуна) |
Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралган жана келип чыккан учурда коопсуз райондорго калкты эвакуациялоону жана көчүрүүнү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоону аныктайт.
Тартип калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо милдеттерин жана алардын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылышынын укуктук негиздерин, аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын калкынын калкты эвакуациялоо жана көчүрүү маселелерин чечүү боюнча милдеттерин белгилейт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылган негизги түшүнүктөр:
коопсуз район - өзгөчө кырдаал зонасынан сырткары жайгашкан аймак жана жергиликтүү, эвакуацияланган калктын жашоо-тиричилигин камсыздоо, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды жайгаштыруу үчүн даярдалган аймакты билдирет.
Эвакуациялык кабыл алуу комиссиялары эвакуациялануучу калкты калктуу конуштан тышкары кабыл алууну, жайгаштырууну уюштуруу жана жашоо-тиричилигин биринчи кезекте камсыздоо үчүн багытталган.
2. Калкты көчүрүүнү уюштуруу принциптери
3. Калкты жайгаштыруу, материалдык жана маданий баалуулуктарды жайгаштыруу жана сактоо үчүн коопсуз райондор тынчтык жана согуш мезгилинде күн мурунтан административдик-аймактык бирдиктин тиешелүү жетекчиси - Жарандык коргонуу начальниги тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын административдик чек арасынын чегиндеги коопсуз райондор мүмкүн болуучу кыйроолор, өзгөчө кырдаалдар, мүмкүн болуучу коркунучтуу химиялык ууланган, катастрофалык суу каптоо жана коркунучтуу радиоактивдүү ууланган (булгануу) зоналардан тышкары жайгашат.
4. Көчүрүүнү пландоону, даярдоону жана жүргүзүүнү уюштуруу, ошондой эле эвакуациялануучу жана көчүрүлүүчү калкты жайгаштыруу үчүн райондорду даярдоо жана алардын жашоо-тиричилигин камсыздоо, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоо төмөнкүлөргө жүктөлөт:
а) аткаруу бийлигинин органдарында - Жарандык коргонуу начальниктерине - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерине;
б) уюмдарда - Жарандык коргонуу начальниктерине - уюмдардын жетекчилерине.
Көчүрүүнү уюштурууга көчүрүү үчүн түзүлгөн башка деңгээлдеги Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, бардык деңгээлдеги эвакуациялык органдар (эвакуациялык комиссиялар, эвакуациялык кабыл алуу комиссиялары, ыкчам топтор жана калкты убактылуу жайгаштыруу пункттары) тартылышы мүмкүн.
3. Калкты эвакуациялоону жана көчүрүүнү уюштуруу тартиби
5. Төмөнкүлөр эвакуацияланууга тийиш:
а) убактылуу өндүрүштүк иши калктуу конуштан сырткары көчүрүлүүчү уюмдардын кызматкерлери, ошондой эле аталган кызматкерлердин иштебеген үй-бүлө мүчөлөрү;
б) эмгекке жараксыз жана өндүрүштө иштебеген калк;
в) материалдык жана маданий баалуулуктар.
6. Өзгөчө кырдаалдардын масштабына, тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгышынын жана өрчүшүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша жарым-жартылай жана толук эвакуациялоо жүргүзүлөт.
7. Жарым-жартылай эвакуациялоодо эмгекке жараксыз жана өндүрүштө иштебеген калк (мектеп-интернаттарында жана баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде окугандар окутуучулары, тейлөөчү персонал жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге, балдар үйлөрүнүн, ведомстволук бала бакчалардын тарбиялануучулары, пенсионерлер, майыптар жана ардагер үйлөрүндө жашагандар тейлөөчү персонал жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге), материалдык жана маданий баалуулуктар эвакуацияланат.
8. Жалпы эвакуациялоо бардык категориядагы калкка карата жүргүзүлөт.
9. Төмөнкүлөр көчүрүлүүгө тийиш:
а) өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу бар жана келип чыккан зонага туш болгон калктуу конуштарда жашаган калк;
б) мүмкүн болуучу же келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында бул аймакта андан ары жашоосуна жана ден соолугуна коркунуч жараткан жана калктын жашоо-тиричилик шарттарын калыбына келтирүү мүмкүн болбогон, же калыбына келтирүү мөөнөтү (жылдар менен эсептелет) өтө узак болгон калк.
10. Эвакуацияланууга тийиш материалдык баалуулуктарга төмөнкүлөр кирет:
а) мамлекеттик баалуулуктар (алтын валюта резерви, банктык активдер, баалуу кагаздар, баалуу таштардын жана металлдардын запасы, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын күндөлүк иш-кагаздары жана ведомстволук архивдери, электрондук эсептөө системалары жана маалыматтар базасы);
б) өндүрүштүк жана илимий баалуулуктар (өзгөчө баалуу илимий жана өндүрүштүк жабдуулар, техникалык документтер, өзгөчө баалуу илимий документтер жана электрондук сактагычтагы маалыматтар базасы);
в) калктын жашоо-тиричилигин биринчи кезекте камсыздоо үчүн зарыл болгон азык-түлүк запастары, саламаттык сактоо объекттеринин медициналык жабдуулары, суу менен камсыздоо объекттеринин жабдуулары, медициналык мүлктүн запастары жана материалдык каражаттардын запастары;
г) айыл чарба жаныбарлары, дан өсүмдүктөрүнүн запастары, үрөндүк жана фураждык запастар;
д) авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүнү камсыздоо үчүн материалдык каражаттардын запастары.
11. Эвакуацияланууга тийиш маданий баалуулуктарга төмөнкүлөр кирет:
а) дүйнөлүк маанидеги маданий баалуулуктар;
б) республикалык маанидеги маданий баалуулуктар;
в) Кыргыз Республикасынын калкынын маданияты үчүн өзгөчө мааниге ээ маданий баалуулуктар;
г) китепкана фонддорунун документтери;
д) катуу маалымат сактагычтагы электрондук маалымат ресурстары.
12. Калкты эвакуациялоону жана көчүрүүнү уюштуруу үчүн Жарандык коргоону боюнча комиссиялар (облус, район, шаар, уюм) тарабынан тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин, уюмдун аймагында өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана келип чыгышында мүмкүн болуучу кырдаал бааланат, ошондой эле зарыл болгон иш-чараларды аткаруу каралат.
13. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы жөнүндө так божомол алынганда Жарандык коргоону боюнча комиссиялар төмөнкү даярдоо иш-чараларын жүргүзүшөт:
- эвакуациялык комиссияларды даярдыкка келтирүү жана алардын иш тартибин тактоо;
- өзгөчө кырдаал зонасындагы кырдаалды тактоо;
- өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткан калкты чогултуу пункттарын, эвакуациялоо маршруттарын жана калкты убактылуу жайгаштыруу пункттарын аныктоо;
- жөө жана транспорт каражаттары менен көчүрүлүүгө тийиш калктын санын тактоо (ташууга мүмкүн болбогон оорулуларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана кары жарандарга өзгөчө көңүл бурулат);
- жабыр тарткан калкты чогултуу пункттарынан убактылуу жайгаштыруу пункттарына чейин калкты ташып кетүү үчүн транспорт каражаттарынын санын тактоо жана бөлүштүрүү;
- эвакуациялоо маршруттарын даярдоо;
- кабарлоо жана байланыш системаларынын, анын ичинде стационардык жана көчмө үн күчөтүүчү түзүлүштөрдүн даярдыгын текшерүү;
- көчүрүлүүчү калкты кабыл алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-аракеттердин планын макулдашуу;
- улуттук коопсуздук органдары, Жарандык коргонуу кызматтары, аскердик командачылык органдары, башка мамлекеттик жана өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
14. Калкты эвакуациялоого жана көчүрүүгө сигнал алганда төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:
- калкка, эвакуациялык органдардын жетекчилерине, калкка маалымдоочу уюмдардын жетекчилерине эвакуациялоонун жана көчүрүүнүн башталгандыгы жана анын тартиби тууралуу кабарлоо;
- эвакуациялык органдарды даярдыкка келтирүү жана жайылтуу;
- эвакуацияланууга жана көчүрүлүүгө тийиш калкты чогултуу жана аларды Кыргыз Республикасынын коопсуз райондоруна жиберүүгө даярдоо;
- жашоо-тиричилигин биринчи кезекте камсыздоого күн мурунтан даярдалган убактылуу жайгаштыруу пункттарында көчүрүлүүчү калкты кабыл алуу жана жайгаштыруу;
- эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тиешелүү эвакуациялык органдар менен өз ара аракеттенүүсү.
15. Эвакуациялоо жана көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү менен төмөнкүлөр зарыл:
- түзүлгөн конкреттүү кырдаалды эске алуу менен, эвакуациялоо пландарында каралган коопсуз райондорго калкты убактылуу эвакуациялоо жана көчүрүү, материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- коопсуз райондордо убактылуу көчүрүлүүчү калкты, эвакуациялануучу материалдык жана маданий баалуулуктарды эсепке алууну орун которууну уюштуруу жана алардын жайгаштырылышын контролдоо.
16. Алдын-ала (күн мурунтан) көчүрүү өзгөчө кырдаалдардын болжолдонгон зоналарынан Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана башка мамлекеттик органдардын берген жазма буйруктарынын, корутундуларынын негизинде жүргүзүлөт.
17. Шашылыш (кечиктирилгис) эвакуациялоо же көчүрүү өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда жүргүзүлөт.
18. Өзгөчө кырдаалдар зоналарынын эвакуациялоо жана көчүрүү ар бир конкреттүү учурда өзгөчө кырдаалдардын мүнөзүнө, келип чыгуу шарттарына, өрчүү жана мейкиндик-мезгилдик параметрлерине жараша аныкталат.
4. Калкты көчүрүү иш-чараларын камсыз кылуу
19. Калкты уюшкандыкта көчүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында камсыз кылуунун төмөнкү түрлөрү боюнча иш-чаралар пландалат жана ишке ашырылат: кабарлоо жана байланыш; транспорттук, медициналык; коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо; инженердик, материалдык-техникалык; ичүүчү жана техникалык суу менен камсыздоо; санитардык-ветеринардык контролдоо жана башка түрлөрү.
Көчүрүүдө кабарлоону жана байланышты камсыз кылуу эвакуациялык органдарды стационардык жана көчмө байланыш каражаттары менен жабдууну, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу күчтөрүн жана каражаттарын үзгүлтүксүз башкарууну, көчүрүүнүн бардык этаптарында байланышты үзгүлтүксүз уюштурууну камсыз кылууну камтыйт. Көчүрүүнүн жүрүшүндө калкка маалымдоо жана көрсөтмө берүү өзгөчө мааниге ээ. Бул максаттар үчүн электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарын, көчөлөрдөгү жана транспортко орнотулган үн күчөткүчтөрдү, үгүт иштерин колдонуу керек. Көчүрүүдө кабарлоону жана байланышты уюштуруу Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги кабарлоо жана байланыш кызматына жүктөлөт.
Көчүрүүнү транспорттук камсыздоого эвакуациялык ташууларды аткаруу үчүн арналган транспорттук каражаттарын даярдоону, бөлүштүрүүнү жана пайдаланууну камтыган иш-чаралардын комплекси кирет. Көчүрүүнү транспорттук камсыздоону уюштуруу Жарандык коргонуунун транспорт кызматына жүктөлөт.
Көчүрүүнү медициналык камсыз кылуу саламаттык сактоо органдары тарабынан көчүрүлүүчү калктын ден соолугун сактоого, көчүрүүнүн жүрүшүндө ооруп калгандарга жана жаракат алгандарга медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө, ошондой эле массалык жугуштуу оорулардын пайда болушунун жана жайылышынын алдын алууга багытталган уюштуруу, дарылоо, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камтыйт. Көчүрүүнү медициналык камсыз кылууну уюштуруу Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги медициналык кызматына жүктөлөт.
Көчүрүүдө коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эвакуациялануучу объекттерди кайтарууну, кылмыштуулук менен күрөшүүнү, көчүрүлүүчү калкты эсепке алууну уюштурууну, өзгөчө кырдаалдар зоналарында жана эвакуациялоо маршруттарында жол кыймылын жөнгө салууну камтыйт. Көчүрүүдө коомдук тартипти сактоону жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну уюштуруу белгиленген тартипте Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги коомдук тартипти сактоо кызматына жүктөлөт.
Көчүрүүнү инженердик камсыздоо көчүрүлүүчү калкты чогултуу жерлеринде, эвакуациялоо маршруттарында жана калкты убактылуу жайгаштыруу жерлеринде инженердик инфратүзүмдү орнотуу аркылуу өзгөчө кырдаал зоналарынан көчүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүнү камтыйт. Көчүрүүнү инженердик камсыздоону уюштуруу жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги инженердик кызматына жүктөлөт.
Көчүрүүнү материалдык-техникалык камсыздоо эвакуациялоо процессинде транспорт каражаттарын техникалык тейлөөнү жана оңдоону уюштурууну, аларды күйүүчү-майлоочу материалдар жана запастык бөлүктөр менен жабдууну, калкты суу, тамак-аш азыктары жана биринчи кезекте зарыл болгон предметтер (тамактануу пункттарын жайылтууну, азык-түлүк жана буюм менен жабдууну кошкондо) менен камсыздоону камтыйт. Көчүрүүнү материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги материалдык-техникалык камсыздоо кызматына жүктөлөт.
Өзгөчө кырдаалдар зонасындагы жагдай жөнүндө толук маалымат алуу үчүн чалгындоонун атайын түрлөрү уюштурулат: радиациялык, химиялык, өрткө каршы, инженердик, медициналык, ветеринардык жана фитопатологиялык. Чалгындоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасынын аймактык системасына жүктөлөт.
20. Коопсуз райондорго көчүрүлгөн калк менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан турак, коомдук жана административдик имараттарга, ошондой эле жайылтылуучу чатыр шаарчаларында медициналык, санитардык, азык-түлүк менен камсыздоону уюштуруу аркылуу жайгаштырылат.
5. Эвакуациялык органдар жана алардын иштөө тартиби
21. Көчүрүлгөн калктын жашоо-тиричилик шарттарын түзүү максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жер участокторун, ошондой эле көп киши батуучу коомдук жана административдик имараттарды (санаториялар, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, мектептер, ж.б.), ошондой эле башка турак үйлөрдү бөлүү каралат.
22. Көчүрүүнү пландоо, даярдоо жана жүргүзүү үчүн аткаруу бийлигинин органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда күн мурунтан төмөнкүлөр түзүлөт:
а) эвакуациялык комиссиялар;
б) чогултуучу эвакуациялык пункттар;
в) эвакуациялоонун орто аралык пункттары;
г) калкты жөө эвакуациялоо маршруттарында башкаруу топтору;
д) эвакуациялык кабыл алуу комиссиялары;
е) кабыл алуучу эвакуациялык пункттар;
ж) транспортко калкты отургузуу (түшүрүү), материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктарды жүктөө (түшүрүү) пункттарынын администрациясы.
23. Эвакуациялык жана эвакуациялык кабыл алуу комиссияларын аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери же жетекчилеринин орун басарлары жетектейт.
Эвакуациялык жана эвакуациялык кабыл алуу комиссияларынын курамына аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана уюмдардын жетектөөчү курамынын ичинен адамдар, жарандык коргонууну башкаруучу органдардын, мобилизациялык жана транспорт органдарынын, билим берүү саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо органдарынын, ички иштер, байланыш органдарынын, башка органдардын кызматкерлери жана аскердик командачылык органдарынын өкүлдөрү дайындалышат.
24 Эвакуациялык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) тиешелүү деңгээлдеги көчүрүүнү пландоо;
б) бөлүнүштөрдө эвакуациялоону жана көчүрүүнүн пландалышын контролдоо;
в) көчүрүүнү даярдоону жана жүргүзүүнү уюштуруу жана контролдоо.
25. Чогултуучу эвакуациялык пункттар көчүрүлүүчү калкты чогултуу, эсепке алуу жана аларды коопсуз райондорго уюшкандыкта жиберүү үчүн түзүлөт. Чогултуучу эвакуациялык пункттар транспортко отургузуу пункттарына жакын коомдук багыттагы имараттарда жана жөө эвакуациялоо маршруттарынын баштапкы пункттарында жайгашат.
26. Чогултуучу эвакуациялык пункттар райондук эвакуациялык комиссия, отургузуу пункттарынын, жөө эвакуациялоо маршруттарынын баштапкы пункттарынын администрациясы, коопсуз райондордо жайгашкан эвакуациялык кабыл алуу комиссиялары менен байланышта болот, ошондой эле автотранспорт менен камсыз кылынат.
27. Чогултуучу эвакуациялык пункттарга төмөнкүлөр бекитилет:
а) жарандык коргонуунун жакынкы коргоо курулмалары;
б) медициналык мекемелер;
в) турак жай-коммуналдык чарба уюмдары.
28. Эвакуациялоонун орто аралык пункттары төмөнкү максаттарда түзүлөт:
а) калкты кыйрашы мүмкүн болгон зоналардан тышкары темир жол, автомобиль жана суу жол каттамдарына жакын жайгашкан жана жашоо-тиричилик шарттарын түзүү үчүн жабдылган коопсуз райондордун жакынкы калктуу конуштарында кыска мөөнөткө жайгаштыруу;
б) кайра каттоо жана зарыл болгон учурда дозиметриялык, химиялык контролдоо, кийим жана бут кийим алмаштыруу же аларды атайын тазалоо, көчүрүлгөн калкка медициналык жардам көрсөтүү, санитардык тазалоодон өткөрүү жана андан кийин коопсуз райондордогу туруктуу жайгаштырылуучу жерлерге уюшкандыкта жиберүү.
29. Тиешелүү эвакуациялык комиссиялардын жетекчилеринин чечими менен дайындалуучу, маршруттардын начальниктери башчылык кылуучу калкты жөө эвакуациялоо маршруттарындагы башкаруу топтору төмөнкүлөрдү ишке ашырышат:
а) маршрутта жөө колонналардын кыймылын уюштурууну жана камсыз кылууну;
б) маршрутта радиациялык, химиялык жана инженердик чалгындоо жүргүзүүнү;
в) баруучу жолдо медициналык жардам көрсөтүүнү;
г) коомдук тартипти сактоону уюштуруу.
30. Эвакуациялык кабыл алуу комиссиялары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан анын аймагына эвакуациялоо жана көчүрүлүү пландалып жаткан коопсуз райондордо төмөнкү максаттарда түзүлөт:
а) көчүрүлүүчү калкты кабыл алууну, жайгаштырууну жана жашоо-тиричилигин биринчи кезекте камсыздоону пландоо жана ишке ашыруу;
б) ведомстволук эвакуациялык кабыл алуу комиссияларын уюштуруу, комплектелишин жана сапаттуу даярдалышын контролдоо;
в) эвакуациялоону жана көчүрүүнү уюштуруу жана камсыздоону контролдоо;
г) материалдык жана маданий баалуулуктарды эсепке алуу жана сакталышын камсыздоо.
31. Кабыл алуучу эвакуациялык пункттар жөө келген колонналарды, эвакуациялык эшелондорду, эвакуацияланган, көчүрүлгөн калк жана материалдык жана маданий баалуулуктар менен келген автоколонналарды кабыл алууну, эсепке алууну жана каттоону уюштуруу жана аларды андан ары коопсуз райондордогу туруктуу жайгаштырылуучу (сакталуучу) жерлерге жиберүү үчүн түзүлөт.
Кабыл алуучу эвакуациялык пункттарда зарыл болгон учурда эвакуацияланган калк, материалдык жана маданий баалуулуктар үчүн жөнөкөй калкалоочу жайлар орнотулат жана медициналык пункт жайылат.
32. Тиешелүү транспорттук уюмдардын жетекчилеринен жана өкүлдөрүнөн түзүлүүчү отургузуу (түшүрүү) пункттарынын администрациялары төмөнкү максаттарда түзүлөт:
а) адамдарды ташуу үчүн атайын жабдылган транспорт каражаттарын отургузуу (түшүрүү) жерлерине өз убагында жеткирүүнү камсыздоо;
б) транспорт каражаттарына калкты отургузууну (түшүрүүнү) уюштуруу;
в) эвакуацияланууга тийиш материалдык жана маданий баалуулуктарды жүктөөнү (түшүрүүнү) уюштуруу;
г) эвакуациялык эшелондорду, автоколонналарды өз убагында жөнөтүүнү (келүүсүн) камсыздоо, аларды эсепке алуу жана тиешелүү эвакуациялык комиссияларга маалымат берүү.
33. Пландалган иш-чаралар аяктагандан кийин эвакуациялык жана эвакуациялык кабыл алуу комиссиялары аткаруу бийлигинин органдары менен биргеликте көчүрүлүп келген калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу жана ишке орноштуруу, ошондой эле эвакуацияланган материалдык жана маданий баалуулуктарды жайгаштыруу жана сакталышын камсыздоо маселелерин чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жардам көрсөтүшөт.
34. Эвакуациялык жана эвакуациялык кабыл алуу комиссияларынын, чогултуучу жана кабыл алуучу эвакуациялык пункттардын, эвакуациялоонун орто аралык пункттарынын кызматкерлери күн мурунтан, күнүмдүк иштөө режиминде жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча тиешелүү окуу-методикалык борборлордо, ошондой эле жарандык коргонуу боюнча окууларда жана машыгууларда даярдыктан өтүшөт. Аталган кызматкерлер табигый жана техногендик мүнөздөгү ири масштабдуу өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунда жана келип чыкканда өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.
35. Аткаруу бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жана менчиктин бардык түрүндөгү уюмдарга, ошондой эле калкка эвакуациялоо жөнүндө кабарлоо жана көчүрүү Жарандык коргонуунун башкаруучу органдары тарабынан республикалык, региондук жана жергиликтүү деңгээлдеги борборлоштурулган кабарлоо жана байланыш системаларын, кабарлоонун, телеберүү жана радиоуктуруу станцияларынын локалдык системаларын пайдалануу менен жүргүзүлөт.
36. Калкты коопсуз райондорго эвакуациялоо жана көчүрүү менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан, мобилизациялык пландар боюнча аскердик жана башка өзгөчө маанилүү ташуулардан бош болгон транспорттун бардык түрлөрү менен калктын бир бөлүгүн ташып кетүү, ал эми калктын калган бөлүгүн ошол эле убакта жөө чыгарып кетүү менен жүргүзүлөт.
37. Керектүү транспорт каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда транспорт каражаттары мобилизациялык пландар боюнча аскердик жана башка өзгөчө маанилүү ташууларды аткаруу, ошондой эле калкты эвакуациялоо үчүн тартылбаган аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын транспорт каражаттарынын тартылышына уруксат берилет.
38. Материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз райондорго эвакуациялоо алардын карамагында ошол материалдык жана маданият баалуулуктар турган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын транспорт каражаттары менен ишке ашырылат.
Материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери жана эвакуациялоо маршруттарында ошол баалуулуктардын сакталышына жооптуу адамдар менен коштолуучу атайын колонналар түзүлөт.
39. Эвакуациялоону жана көчүрүүнү пландоо, даярдоо жана жүргүзүү төмөнкү маселелер боюнча аскердик командачылык органдары менен өз ара аракетте ишке ашырылат:
а) транспорттук коммуникацияларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу;
б) эвакуациялоо маршруттарында кыймылды биргелешип жөнгө салуу, коомдук тартипти сактоону жана материалдык жана тарыхий-маданий баалуулуктардын сакталышын камсыздоо үчүн күчтөрдү жана каражаттарды бөлүп берүү;
в) радиациялык, химиялык, биологиялык, инженердик жана өрткө каршы чалгындоону камсыздоо;
г) калкты радиациялык, химиялык, биологиялык, инженердик коргоо, санитардык-эпидемияга каршы жана дарылоо-алдын алуу иш-чараларын камсыздоо үчүн күчтөрдү жана каражаттарды бөлүп берүү;
д) калкты жайгаштыруу үчүн коопсуз райондордун, материалдык жана маданий баалуулуктарды жайгаштыруучу жана сактоочу жерлердин тизмесин макулдашуу;
е) эвакуациялануучу жана көчүрүлүүчү калкты жайгаштыруу жана жашоо-тиричилигин биринчи кезекте камсыздоо үчүн аскер шаарчаларына пайдалануу мүмкүндүгү.
40. Эвакуацияланууга жана көчүрүлүүгө тийиш калк коопсуз райондорго жайгаштырылганда эвакуациялоо жана көчүрүү боюнча иш-чара аяктады деп саналат.
6. Калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо боюнча иш-чараларды каржылоо
41. Калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө кеткен чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан төлөнөт.
Калкты көчүрүү боюнча иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын бюджеттеринде жыл сайын бекитилүүчү бюджеттердин каражаттарынын чегинде каралат.