Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 3

“Намаздык- Ата” жайыт бирикмесинин 2021-жылдын 6 айына карата аткарган иштери жөнүндө

“Намаздык - Ата” жайыт бирикмесинин 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Намаздык - Ата” жайыт бирикмесинин 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштери жөнүндөгү “Намаздык - Ата” жайыт бирикмесинин башчысы З. Абийбилла уулунун маалыматы эске алынсын.

 

2. Аймагыбыздагы жайыт пайдалануучулардын жайытка болгон төлөмдөрүн өз учурунда өндүрүү жана жайыттарды мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ар тараптуу натыйжалуу пайдалануу жагы “Намаздык -Ата” жайыт бирикмесинин башчысы З. Абийбилла уулуна тапшырылсын.

 

3. “Намаздык -Ата” жайыт бирикмесине келген техникаларды толук тактоо, максаттуу пайдалануу жана аларга болгон кредиттик төлөмдөрдүн алдын ала эсебин жүргүзүү жагы “Намаздык -Ата” жайыт бирикмесинин башчысы З. Абийбилла уулуна тапшырылсын.

 

4. Улуу жайлоолорго баруучу жолдорду жана жакынкы кыштоолорго баруучу жолдорду ошондой эле сел нугунда жайгашкан көпүрөлөрдү алдын ала калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү “Намаздык -Ата” жайыт бирикмесинин башчысы З. Абийбилла уулуна жүктөлсүн.

 

5. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин коңшу жайгашкан айыл өкмөттөр менен болгон чек араларын аныктап, тактоо иштерин аягына чыгаруу жагы “Намаздык -Ата” жайыт бирикмесинин башчысы З. Абийбилла уулуна жана Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековко милдеттендирилсин.

 

6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Кубатбековко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов