БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 4
“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 6 айына карата аткарган иштери жөнүндө
“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштери жөнүндөгү “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С. Разакуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштери жөнүндөгү “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С. Разакуловдун маалыматы эске алынсын.
2. “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С. Разакуловго 2021-жылдын 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча тазалык ишканасынын бюджетин жогорулатуу жана өнүктүрүү максатында төмөнкү жумуштарды уюштуруу жана кемчиликтерди калыбына келтирүүсү белгиленсин:
- Аймактагы жергиликтүү тургундарга жыйындарды уюштуруу менен эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Ишкана тарабынан таштандыларды чыгаруу боюнча түзүлгөн графикти ар бир көчөгө так маалымдоо;
- Аймактагы комерциялык ишканаларды, калктуу конуштарды тактоо жана таштандыларды чыгаруудагы төлөмдөрдү мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар менен тарифтерди иштеп чыгуу;
3. “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына таштанды ташып чыгаруучу техникаларды алуу боюнча даярдалган долбоордун тиешелүү иш кагаздарын толуктоо жана аталган долбоорду ишке ашыруу ишкананын жетекчиси С. Разакуловго жана Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Кубатбековко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |