Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 5

“Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын 2021-жылдын 6 айына карата аткарган иштери жөнүндө

“Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси М. Ахмедовдун 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси М. Ахмедовдун 2021-жылдын 6 айына карата аткарган иштери жөнүндөгү маалымат эске алынсын.

 

2. “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси М. Ахмедовдун 2021-жылдын 6 ай ичинде калкты таза суу менен камсыздоодо жүргүзгөн иштери солгун болгондугу эске алынып, “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын иштерин жакшыртуу боюнча төмөнкү кемчилдиктерди калыбына келтирүү милдеттендирилсин:

 

- Аймактагы жергиликтүү калкка таза сууну жеткирүүнү үзгүлтүкө учуратбоо максатында алдын ала зарыл чараларды көрүү;

 

- “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын каржылык эсебин чыгаруу, бир жылдын бюджетинин долбоорун иштеп чыгып бекиттирүү;

 

- Таза суу менен камсыз болгон калтуу конуштардагы кожолуктардын жана коммерциялык ишканалардын санын кайрадан тактоо, ошондой эле таза суу менен камсыз болгон калкттуу конуштардан өндүрүмдү толугу менен жыйноону колго алуу.

 

3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Кубатбековко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов