БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 7
Бүргөндү “Тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү “Тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С. Разакуловдун 2020-жылы аталган ишкананын ишин жакшыртуу үчүн техника алуу максатында долбоор даярдалгандыгын, аталган долбоордогу техниканын маркасына өзгөрүү киргендигине байланыштуу 2021-жылга аталган долбоордун акча каражатында чоң өзгөрүү болуп кеткендигин туура түшүндүрүп, Аталган ишкананын ишин үзгүлтүкө учуратбоо максатында керектелүүчү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учурдагы COVID-19 илдетинин курчуп жаткандыгына байланыштуу чет өлкөлүк акча каражатынын курсу өсүп жаткандыгы эске алынсын.
2. Бүргөндү “Тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын ишин үзгүлтүкө учуратбоо, жергиликтүү деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылдын башында ажыратылып берилген 250 000(эки жүз элүү миң) сом акча каражатын эске алуу менен жалпысынан 1 350 000 (бир миллион үч жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда ажыратылган акча каражатынын мыйзамдуу жумшалышына, туура пайдаланылышын көзөмөлдөө жагы aйыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековко милдеттендирилсин.
4. Аталган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Долбоор аркылуу алып келинип жаткан техниканын сапатын, абалын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү “Тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С. Разакуловдун жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизсенти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |