Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 8

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы аймактык оорукананын жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын бүткөрүү жөнүндө

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы аймактык оорукананын башкы дарыгери Ж. Наркулованын 2021-жылдын 05-августундагы № 18 саны менен кириштелген кайрылуусунда айтылган аймактык оорукананын жер аянтынын юридикалык ишкагаздарын бүткөрүү зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн кеңешинин XXVIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Аймактык оорукананын башкы дарыгери Ж. Наркулованын 2021-жылдын 5-августундагы № 18 сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2.  Учурдагы аймактык оорукана курулган жер жеке жарандардын сугат айдоо, үлүш жер аянты экендиги белгиленсин.

 

3.  Учурдагы иштеп жаткан аймактык оорукана үчүн Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-декабрындагы № 37 сандуу токтомунун негизинде ажыратылып берилген 1,30 га сугат айдоо жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомуна ылайык мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековго милдеттендирилсин.

 

4.  Айыл аймагына оорукана куруу үчүн алынган 1,30га сугат айдоо үлүштөрүнүн ээлерине, Кайра бөлүштүрүү фондунун сугат айдоо үлүш жерине теңдеш жеринен тиешелүү жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековго жүктөлсүн

 

5.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

6.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Толубаевке милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов