Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 11

Жеңиш айылынын тургуну А. Маматовко материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Жеңиш айылынын Ж. Шадыканов көчөсүнүн тургуну А. Маматовдун күйүп кеткен үйүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында жазган 2021-жылдын 22-июлундагы № М-61 сандуу арызын угуп жана талкуулап, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн кеңешинин XXVIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Жеңиш айылынын Ж. Шадыканов көчөсүнүн тургуну А. Маматовдун 2021-жылдын 22-июлундагы № М-61 сандуу арызы эске алынсын.

 

2.  А. Маматовдун үйүнө көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

3.  Жогоруда ажыратылган акча каражатынын мыйзамдуу пайдаланылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы З. Арстанбековко жүктөлсүн.

 

4.  Тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.

 

5.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

6.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизсенти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов