Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 12

APNIP долбоорунун активисти А. Азалиеванын кайрылуусун кароо жөнүндө

APNIP долбоорунун активисти А. Азалиеванын “Мыкты үй-бүлөө” сынагынын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн белектер менен сыйлоо максатында 10 000 (он миң) сом акча каражатын сурап жазган 2021-жылдын 24-июлундагы № А-64 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  APNIP долбоорунун активисти А. Азалиеванын 2021- жылдын 24-июлундагы № А - 64 сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2.  “Мыкты үй-бүлөө” сынагынын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн белектер менен сыйлоо максатында 10 000 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.

 

3.  Жогоруда ажыратылган акча каражатынын мыйзамдуу пайдаланылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы З. Арстанбековко жүктөлсүн.

 

4.  Тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.

 

5.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

6.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизсенти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов