БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 13
Чарбак айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Чарбак айылындагы 1200 метр ички жолго асфальт төшөө үчүн жергиликтүү тургундардын акча каражатынан көмөк көрсөтүүнү сурап жазган Чарбак айылынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чарбак айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Чарбак айылындагы 1200 метр ички жолго асфальт төшөө үчүн шагал менен камсыздоо максатында 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда ажыратылган акча каражатынын мыйзамдуу пайдаланылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы З. Арстанбековко жүктөлсүн.
4. Тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизсенти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |