Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 16
А. Мейманкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Борсолдой айылынын тургуну А. Мейманкуловдун чакан ишкердикти өнүктүрүү максатында тоок ферма куруу үчүн 1,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн орун басары А. Каракожоевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Борсолдой айылынын тургуну А. Мейманкуловдун чакан ишкердикти өнүктүрүү максатында тоок ферма куруу үчүн 1,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндогү кайрылуусу эске алынсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагында чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында Ууру-Жар айылындагы бош жаткан жерден узак мөөнөттүү келишим менен тоок ферма куруу үчүн 1,0 (бир гектар) га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Суралган жер аянтын ажыратып берүүдө жер тилкесинин тиешелүү иш кагаздарын, ижара келиимин мыйзам чегинде жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Толубаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |