Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 15

Жеңиш айылынын тургуну А. Абдыкадированын кайрылуусун кароо жөнүндө

Жеңиш айылынын тургуну А. Абдыкадированын 2021-жылдын 16-июнундагы № 01 сандуу ден-соолугун чыңдоого көмөк көрсөтүүнү сурап арызын угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Жеңиш айылынын тургуну А. Абдыкадированын 2021-жылдын 16-июнундагы № 01 сандуу арызы эске алынсын.

 

2.  А. Абдыкадированын ден-соолугун чыңдоо үчүн каражат жыйноо максатында жер-жерлерде, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г. Шадыкановага милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

4.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар, дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Каримовага милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов