Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 18

Айыл өкмөттүн аймагындагы бала бакча жетекчилеринин кайрылуусун кароо жөнүндө

Айыл өкмөттүн аймагындагы балдар бакчасынын жетекчилеринин бакчада тарбияланып жаткан балдардын тамак-аш үчүн айына 500 сом өлчөмүндөгү төлөмүн 600 сом өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Айыл өкмөттүн аймагындагы бала бакча жетекчилеринин сунушу эске алынсын эске алынсын.

 

2.  Ата-энелердин жыйналышынын протоколдорунун негизинде, айыл өкмөттүн аймагындагы бала бакчада тарбияланып жаткан балдардын тамак- аш үчүн бир айга 500 сом деп белгиленген толөмү 600 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

3.  Токтомду мыйзамдуу аткарууга алуу жана ата-энелерге тааныштыруу жагы бакча жетекчилерине милдеттендирилсин.

 

4.  Мыйзамдуу аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековко милдеттендирилсин.

 

5.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

6.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Толубаевке милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов