БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 19
Кичи-Бүргөндү айылында жаңы ачылган ФАПты айрым муктаждыктар менен камсыздоо жөнүндө
Кичи-Бүргөндү айылында жаңы ачылган ФАПты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр жабдыктары менен камсыздоо зарылдыгы жөнүндөгү Кичи-Бүргөндү айылынын тургундарынын 2021-жылдын 4-августундагы № 17 саны менен кириштелген арызын угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кичи-Бүргөндү аылынын тургундарынын 2021-жылдын 4-августундагы № 17 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Кичи-Бүргөндү айылында жаңы курулган ФАПты электр энергиясы менен камсыздоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5000 (беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда аталган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы З. Арстанбековко жүктөлсүн.
4. Тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизсенти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |