Загрузка документа…
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин
2024-жылдын 02-апрелиндеги №1 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 1
“Бүргөндү айылдык кеңешинин Регламентин бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айылдык кеңештин ишин жөнгө салган «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын негизге алып Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин. (Регламент тиркелет)
2. Бүргөндү айылдык кеңешинин регламенти Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
3. Бүргөндү айылдык кеңешинин регламенти Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү боюнча тиешелуу материалдарды даярдап каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф.Джумабековага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |