БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 4
“Жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу комиссиясынын курамына өгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүндө жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу комиссиясынын курамына өгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип комиссия курамын бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы З.Арстанбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү Жобого ылайык Бүргөндү айыл өкмөтүндө төмөнкү комиссия курамы бекитилсин:
1. А.Каракожоев – айыл өкмөтүнүн орун басары, комиссиянын орун басары
2. А.Абдиев – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын орун басары
3. А.Оморбеков – айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын катчысы
4. А.Төрөкулов - Ноокен райжермамкаттоо башкармалыгынын адиси, Бүргөндү айыл өмөтүндөгү инспектору
5. Т.Раимов – Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адиси, Бүргөндү айыл өмөтүндөгү инспектору
6. У.Мамажанов – айылдык кеңештин депутаты
7. Н.Айдаралиев – айылдык кеңештин депутаты
8. С.Разакулов – айылдык кеңештин депутаты
9. А.Мырзалиева – коомдук уюмдун өкүлү
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак жай жер аянттарын сурап кайрылган жарандардын арыздарын канааттандыруу максатында мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго жана түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.
4.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |