Редакцияот 08.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 8-октябры № 6

“Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү Мыйзамынын 14-беренесинин негизинде түзүлгөн комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун сунушунугуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун сунушу эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү Мыйзамынын 14-беренесинин негизинде түзүлгөн комиссиянын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилип мониторинг жана баалоо боюнча жаңы комиссия курамы бекитилсин:

 

1.  Г.Шадыканова – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси

2.  Б.Мамытов – айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча адиси

3.  Н.Базаркул уулу – айыл өкмөтүнүн салк инспектору

4.  Б.Абдуллаев –Кызыл-Кыя айылынын айыл башчысы

5.  А.Умаров – Кичи Бүргөндү айылынын айыл башчысы

6.  М.Каримова – айылдык кеңештин депутаты

7.  Б.Молдокеримова – айылдык кеңештин депутаты

8.  М.Хожиматова – айылдык кеңештин депутаты

9.  Б.Сейитова – айылдык кеңештин депутаты

 

3.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов