БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 7
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай жер участокторун ажыратып берүү жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай жер участокторун ажыратып берүүдө калктуу конуштар арасынан 6 (алты) сотых, ал эми адыр жерлердеги жер участокторду 8 (сегиз) сотыхдан берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы З.Арстанбековдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай жер участокторун ажыратып берүүдө калктуу конуштар арасынан 6 сотых, ал эми адыр жерлердеги жер участокторду 8 сотыхдан берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы З.Арстанбековдун сунушу эске алынсын.
2. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүдө трансформацияланып (бир категориядан экинчи категорияга которулуп) жаткан жер аянттарынын адыр жерде жайгашкандыгы жана бериле турган жер участоктун жайгашуу түзүлүштөрүн эске алуу менен трансформацияланып жаткан жер аянттарынын ген. пландарын жана башка тиешелүү иш кагаздарын калктуу конуштар арасынан 8 (сегиз) сотых, ал эми адыр жерлердеги жер участокторду 10 (он) сотых боюнча калтырылгандыгы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүндө турак жай алуу боюнча кезекте турган жергиликтүү атуулдардын арыздарын канааттандыруу максатында атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунда кезектүүлүк боюнча тизмени тактап айыл өкмөтүнүн маалымат тактайчасына илдирүү жана трансформацияланып (которулуп) жаткан жер аянттарынын иш кагаздарын тездетүү боюнча тиешелүү иш чараларды көрүү жагы айыл өкмөт башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |