Редакцияот 08.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 8-октябры № 8

“Бүргөндү айыл аймагындагы турмуш тиричилик калдыктарын, таштандыларды чыгаруучу жайлардын жер аянттарын кеңейтип кайрадан бекитип берүү жөнүндө”

“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Разакуловдун таштандыларды чыгаруу үчүн ажыратылган жер аянттарын зарылчылыка жараша кеңейтүү максатында кеңейтилген аймактардын жерлерин кайрадан бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Разакуловдун кайрылуусу эске алынсын.

 

2.Таштандыларды чыгаруу үчүн ажыратылган айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Жаңы-Жол участкасында жайгашкан 0,60 (алтымыш сотых) га жер аянты 3,65 (үч гектар алтымыш беш сотых) га болуп, ал эми айыл өкмөтүнүн Ношкен айылындагы Кайырма участкасында жайгашкан 0,30 (отуз сотых) га жер аянты 2,50 (эки гектар элүү сотых) га болуп зарылчылыка жараша жер аянттары бекитилип берилсин.

 

3. Таштандыларды чыгаруу үчүн ажыратылган жер аянттарына зарылчылыка жараша кеңейтүү максатында бекитилип берилген жер аянттарын мыйзам чегинде ажыратып берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.

 

4.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов