Редакцияот 08.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 8-октябры № 11

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомун аткарууга алуу, кайрадан тактоо иштерин жүргүзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомун аткарууга алууда аталган Мыйзамдын “Сугат айдоо жерлердин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) Убактылуу тартибине ылайык Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат айдоо жер тилкелерине курулуп калган турак жай, имараттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлериндеги жер тилкелеринин иш кагаздары толук даярдалбай ошондой эле себепсиз жогорку инстанцияларга жөнөтүлбөй тургандыгы талкууланып Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтому аткарууга алынсын.

 

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомунун тиркемесине ылайык Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат айдоо жер тилкелерине курулуп калган турак жай, имараттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлериндеги жер тилкелерин кайрадан тактоо, иш кагаздарын толук даярдоо жана атайын түзүлгөн райондук комиссиянын кароосуна тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.

 

3.  Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат айдоо жер тилкелерине курулуп калган турак жай, имараттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлериндеги жер тилкелеринин иш кагаздарын кайрадан карап чыгуу жагы айыл өкмөтүндөгү атайын түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.

 

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов