БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 13
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Бүргөндү айылынан убактылуу унаа туруучу жайды бекитип берүү жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Бүргөндү айылындагы айылдык мазардын бош жаткан аймагынан 0,80 га жер аянтына убактылуу унаа туруучу жайды даярдоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Бүргөндү айылындагы айылдык мазардын бош жаткан аймагынан 0,80 га жер аянтына убактылуу унаа туруучу жайды даярдоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айылындагы айылдык мал базар болгон күндөрү унаанын тыгын болуп, ошол күндөрү Ак-Бата – Маданият унаа жолунун каттамына чоң залакасын тийгизип жаткандыгы ошондой эле ошол учурдагы өзгөчө кырдаал түзүлүп калуу шарттарын эске алып мал жандыктарды жана башка жүк ташуучу унаалар үчүн зарылчылыка жараша Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Бүргөндү айылынын айылдык мазарынын аймагындагы бош жаткан 0,80 (сексен сотых) га жер тилкеси убактылуу муниципалдык унаа токтоочу жайга бекитилип берилсин.
3. Убактылуу муниципалдык унаа токтоочу жайга бекитилип берилген жер тилкесин мыйзам чегинде чектерин аныктоо, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.
4. Убактылуу муниципалдык унаа токтоочу жайдын жер тилкесин даярдоодо керектелген акча каражаты мыйзам чегинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |