Редакцияот 30.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2016-жылдын 30-ноябры №110

 

Мады айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын атын өзгөртүү жөнүндө

Мады айыл өкмөтүнүн  Октябрь айылынын тургундарынын 2016-жылдын 25-ноябрындагы  жалпы элдик жыйынын протоколун, элдин кайрылуусун,  Мады айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 53 токтомун талкуулап  жана элдин айылдын эски тарыхый атын кайтарып  берүү жөнүндөгү суроо талабын эске алып Мады айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Октябрь  айылынын атын өзгөртүп, эски тарыхый “Букалы-Тээке” атын ыйгаруугамакулдук берилсин.

2. Октябрь  айылынын  атын “Букалы-Тээке” айылы деп   өзгөртүүгө  керектүү  иш-кагаздарын даярдап,каттоодон өткөрүү жагы  айыл өкмөтүнүн  жер адиси Р. Сыдыков менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Бороновго тапшырылсын.

3. Бул токтомду бекитип, жогорку  органдарга сунуштоо жагы  Кара-Суу райондук мамлекеттик  администрациясынан суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча  туруктуу комиссиясына (Б.Мадазимов) жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Султанбеков