Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2017-жылдын 4-отябры №8/33-1
Мады айыл аймагынан индустриалдык логистикалык борборго жер тилкесин ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145- мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун (трансформациялоонун) которуунун тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 беренесинин негиз кылып Мады айыл өкмөтүнүн аймагында ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында айыл өкмөтүнүн Өжөр участкасынын аймагынан индустриалдык логистикалык борбор куруу үчүн 8,68 га жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Матанбаевдин билдирүүсүн Мады айылдык кенеши угуп жана талкуулап, “Айыл чарба жерлер ” категориясынан “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук беруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы Социализм айылынын Өжөр участкасынын картографиялык материалдары боюнча 7,88 га жайыт жер аянты төмөндөгү контурларда жайгашкан; № 1098 – 1,18 га, №1087 – 0,42 га, №1088 – 0,98 га, № 1042 – 0,08 га, № 1043 -0,10 га, № 1084 – 1,24 га, № 1085 – 0,39 га, № 1086а – 0,09 га, №5 – 3,0 га, №9 – 0,40 га ал эми 0,80 га жер тилкесиндеги курулушка (короого) тиешелүү №5 контурларда жайгашкан жалпы 8,68 га жер аянты индустриялдык логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба жерлер” категориясынан “Айыл чарба жерлер ” категориясынан “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2 .Айыл өкмөтүнүн жетекчилигине индустриялдык логистикалык борбор курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө керектүү иш кагаздарын даярдоого тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер жана агрардык саясат жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына (Д.Каримов, А. Сидиков) жүктөлсүн.
Төрага | С. М. Асанов |