Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2017-жылдын 4-октябры №8/33-2
Мады айыл аймагынан индустриалдык логистикалык борборго жер тилкесин ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун (трансформациялоонун) которуунун тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 беренесинин негиз кылып Мады айыл өкмөтүнүн аймагында ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында айыл өкмөтүнүн Өжөр участкасынын аймагынан индустриалдык логистикалык борбор куруу үчүн 146,32 га жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Матанбаевдин билдирүүсүн Мады айылдык кенеши угуп жана талкуулап, “Айыл чарба жерлер ” категориясынан “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук беруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы Социализм айылынын Өжөр участкасынын картографиялык материалдары боюнча 146,32га кайрак айдоо жер аянты төмөндөгү контурларда жайгашкан; № 1107 – 0,82 га, №1097 – 10,30 га, №1041 – 5,49 га, № 1033 – 2,90 га, № 1082 -0,30 га, № 1083 – 39,28 га, № 1086 – 23,89 га, № 1035 – 20,31 га, №1 –18,70 га, №3 – 0,20 га, №6-2,20 га,№7-10,80га, №8-0,30 га, №10-7,40 га, №11-3,41 га,
7,88 га жайыт жер аянты төмөндөгү контурларда жайгашкан; № 1098 – 1,18 га, №1087 – 0,42 га, №1088 – 0,98 га, № 1042 – 0,08 га, № 1043 -0,10 га, № 1084 – 1,24 га, № 1085 – 0,39 га, № 1086а – 0,09 га, №5 – 3,0 га, №9 – 0,40 га, ал эми 0,80 га га жер аянты курулуштун орду №5 контурда жайгашкан, жалпы 155 га жер аянты индустриялдык логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн жетекчилигине индустриялдык логистикалык борбор курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө керектүү иш кагаздарын даярдоого тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер жана агрардык саясат жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына (Д.Каримов, А. Сидиков) жүктөлсүн.
Төрага | С. М. Асанов |