Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-отябры №53
Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын Кызыл-Тал учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын Кызыл-Тал учаскасынын тургундарынын 2022-жылдын 21-сентябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколун, Мады айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 38 токтомун талкуулап жана элдин суроо талабын эске алып Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылынын Кызыл-Тал учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
2. Бул токтомду бекитип, жогорку органдарга сунуштоо жагы Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Жаңыдан айыл статусуна ээ болуп жаткан Кызыл-Тал айылын каттоодон өткөрүүгө керектүү иш-кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Сидиков менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Бороновго жүктөлсүн.
4 . Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (К.Темирбаевге) милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Мадазимов |