Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-отябры №52
Мады айыл өкмөтүнүн Асан-Чек айылынын Достук учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Асан-Чек айылынын Достук учаскасынын тургундарынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколун, Мады айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 37 токтомун талкуулап жана элдин суроо талабын эске алып Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Асан-Чек айылынын Достук учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
2 .Бул токтомду бекитип, жогорку органдарга сунуштоо жагы Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Жаңыдан айыл статусуна ээ болуп жаткан Достук айылын каттоодон өткөрүүгө керектүү иш-кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Сидиков менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Бороновго жүктөлсүн.
4 .Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (К.Темирбаевге) милдеттендирилсин.
Төрага | Б.А. Мадазимов |