Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-февралы № 43-15
Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин 2021-жылдын 27- февралындагы 43-сессиясынын №17- протоколун аткарууга алуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин 2021-жылдын 27-февралындагы №17-протоколун аткарууга алуу тууралуу Атамерек айылынын тургуну Абдивасит уулу Анарбектин арызын канаттандыруу максатында. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-32 беренелерин жетекчиликке алып.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атамерек айылынын тургунунун арызын карап чыгып 0,10 га жер аянтын Абдивасит уулу Анарбеккке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Абдивасит уулу Анарбекеке 0,10 га жер аянтын жеке менчикке бекитип берүүнү Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылын көзөмөлдөөнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Жусупбеков |