Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 239
«Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жайыт жерлерди натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну, пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Жайыт комитетинин төрагасы Н. Өмүралиевдин Чоң-Сары-Ой жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата бюджетин бекитин берүү жөнүндө кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1 .Чоң-Сары-Ой Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 582351 (беш жүз сексен эки мин үч жүз элүү бир мин) сом өлчөмүндө бекитилсин. (1-тиркеме)
2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3 .Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Maмлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |
«Бекитемин» Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин төрагасы _________Э.Кожокеев |
Чоң-Сары-Ой жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджети
I. Киреше бөлүгү
№ | Киреше булактары | саны | Жайыт акысы | Жалпы сумма |
1 | Кой,эчки | 15425 | 10 | 154250 |
2 | Жылкы | 936 | 50 | 46800 |
3 | ИMM | 3086 | 50 | 154300 |
4 | Ижарага берилген жерлер. | 11,823 га | 19200 | 227001 |
| Баардыгы |
|
| 582351 |
II. Чыгаша бөлүгү
Чыгымдардын аталышы | Суммасы |
Айлык маянасы жана соц.фондго которуусу | 126,6 |
Күйүүчү май | 20,0 |
Авто тетиктер | 5,0 |
Концелярдык буюмдарды алуу үчүн | 3,0 |
Жайытка кетчү жолдорду, көпүрөлөрдү ондоо, инфраструктурасын жакшыртуу | 350,8 |
Жайыт ижара акысы үчүн салык 10000 *7,70 | 77,0 |
Баардыгы | 582,4 |
Жайыт комитетинин төрагасы | Н.А. Өмүралиев |