Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-сентябры № 16
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жана кошумча планды бекитүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 12 айына карата 1337,4,0 миң сом кошумча планды бекитүү жана бюджетке өзгөртүү киргизүү маселеси айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарынын негизинде карап чыгып, талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынан Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылдын 12 айына карата 1337,4 миң сом кашумча план алуу жагы суралсын.
2. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесине 71,5 миң сом, 3112-беренесине 135,0 миң сом, ЖКХ бөлүмүнүн 2215-беренесине 200,0 миң сом, 3111-беренесине 183,5 миң сом, орто мектептер бөлүмүнүн 2224-беренесине 210,0 миң сом, 3113-беренесине 40,0 миң сом, бала бакча бөлүмүнүн 2221-беренесине 250,0 миң сом, жабдуу алуу үчүн 2222-беренесине 50,0 миң сом, 3112-беренесине 50,0 миң сом, соц коргоо бөлүмүнүн 2721-беренсине 10,0 миң сом, жайыт комитетине 2215-беренесине 137,4 миң сом бекитилсин.
3. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2215-беренесинен 24,4 миң сомду, 2211-беренесине, китепкана бөлүмүнүн 2222-беренесинен 6,2 миң сомду 2111-беренесине, СДК бөлүмүнүн 2222-беренесинен 6,1 миң сомду 2111-беренесине, орто мектептер бөлүмүнүн 2224-беренесинен 16,5 миң сомду айыл чарба бөлүмүнүн 2215-беренесине, орто мектептер бөлүмүнүн 2215-беренесине 10,0миң сомго өзгөртүү киргизилсин.
4. 2022-жылдын 9 айына карата Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 3112-беренесинен 135,0 миң сөм кемитүү жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бюджеттин акча каражатынын өзгөртүү жөнүндөгү эсебин тактоо айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Кадыровго милдеттендирилсин.
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Темиралиев |