Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-октябры № 4/1
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган кээ бир акча каражаттарын бир разделден башка статьяга жылдырып берүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетиндеги акча каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү максатында токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн учурдагы өндүрүштүк муктаждыктарын канааттандыруу максатында 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киреше салыгынан жалпысы 1 000,0 миң сом акча каражаты бюджеттин планына кошумча суралсын.
2. Жогоруда каралган 1 000,0 миң акча каражаты чыгаша бөлүгүнүн 70629 тармагы 2215 статьясына бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Таш айылдык кеңешинин Төрагасынын орун басары Б.Акимовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Аматов |