Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын отуруму
2022-жылдын 19-октябры № 4/2
Ак-Таш айыл аймагындагы Ак-Таш жана Жылкелди айылдарында жергиликтүү тургундары менен болгон жыйындын чечими менен каттуу таштанды калдыктарын ташып чыгаруунун бааларын (тарифтерин) бекитүү жөнүндө
Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени карап, Ак-Таш айыл аймагындагы Ак-Таш жана Жылкелди айылдарында жергиликтүү тургундары менен болгон жыйындын чечими менен каттуу таштанды калдыктарын ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү төлөмдөрүн (тарифтерин) бекитүү жөнүндө элдик жыйындын протоколунун негизинде токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл аймагындагы Ак-Таш жана Жылкелди айылдарында жергиликтүү тругундары менен болгон 2022-жылдын 19-октябрындагы жыйындын чечими менен каттуу таштанды калдыктарын ташып чыгаруунун наркы (тарифи) бир кабы (мешогу) 30 (отуз) сом өлчөмүндө деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Таш айылдык кеңешинин Төрагасынын орун басары Б.Акимовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Аматов |