Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын отуруму
2022-жылдын 25-ноябры № 5/1
Ак-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү боюнча торук өткөрүү тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтому менен бекитилген “Айыл-чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун шарттарына ылайык , Ак-Таш айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү мөөнөтү аяктагына байланыштуу кайрадан торукту убагын жана ар бир гектар жер аянтынын баштапкы баасынын өлчөмүн бекитүү максатында токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтому менен бекитилген “Айыл-чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун шарттарына ылайык айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун ижарага берүү боюнча 2022-жылдын декабрь айында торуктан өткөрүлсүн.
2. Ижарага берилүүчү сугат жерлердин бир гектарынын баштапкы баасы 8 000 (сегиз миң) сом, кепилдик төлөм 2 000 (эки миң) сом, кадамы 1 000 (бир миң) сом өлчөмүндө белгиленсин жана жер салыктары социалдык фонд төлөмдөрү өз алдынча жүргүзүлсүн.
3. Ижарага берилүүчү кайракы жерлердин бир гектарынын баштапкы баасы 5 000 (беш миң) сом, кепилдик төлөм 1 000 (бир миң) сом, кадамы 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин жана жер салыктары социалдык фонд төлөмдөрү өз алдынча жүргүзүлсүн.
4. Мамлекеттик фондун жерлеринин жалпы аянтынын 10 пайызга чейинки өлчөмүндөгү сугат айдоо жерлери жеңилдетилген түрдө, комиссиянын чечиминин негизинде 0,20гадан 0,30га чейин түз берүү жолу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилсин.
5. Ижарадан карызы бар жарандар торукка киргизилбесин жана алган жерлерин кайрадан ижарага (субаренда) катары берилбесин.
6. Ижарага алган ижарачынын жер аянтты трансформация (жерди которуу) болсо ижарачынын келишими кайтарылып алынсын.
7. Өз убагында келишимде көрсөтүлгөндөй төлөмдөрүн төлөбөсө келишим бир тараптуу бузулсун жана ар бир кожолука 1га жер аукциондон утуп алган үй-бүлө башка конкурска киргизилбесин.
8. Торуктарды өткөрүү комиссиясынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтому менен бекитилген “Айыл-чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун шарттарын сактоо менен торуктарды жогорку уюшкандыкта өз мөөнөтүндө өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Аматов |