Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 30-январы № 161
Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек шарттарынын зыяндуулугуна карата төлөнүүчү акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.04.2015-жыл №258 токтому менен бекитилген «Оор жумуштар жана зыяндуу же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобосун, Эмгек Кодексинин №164 жана №224-беренелерин, Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн 25.12.2019-жыл №428 «Жумуш орундарын аттестациялоо боюнча кызматкерлеринин эмгек шарттарын зыяндуулугуна карата кошумча компенсация төлөөнү аныктоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө» буйругун ошондой эле Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн кызматкерлеринин айлык акысына кошумча акча каражат төлөө боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы М. Сарбагышевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек шарттарынын зыяндуулугуна карата төлөнүүчү акча каражаты белгиленген тартипте каралсын.
2. Токтомду макулдашуу жагы Финансы Министрлигинин Ысык-Көл башкармалыгынан суралсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М. Сарбагышевге жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | У . Абдырахманов |