Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № 205
Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кошумча акча каражат төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.04.2015-жыл №258 токтому менен бекитилген "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобонун, Эмгек Кодексинин №164 жана №224-беренелерине ошондой эле Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн 22-декабрь 2020-жыл №287 «Жумуш орундарын аттестациялоо боюнча кызматкерлеринин эмгек шарттарынын зыяндуулугуна карата кошумча компенсация төлөөнү аныктоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө» буйругуна ылайык, Чон-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кьпматкерлердин айлык акысына кошумча акча каражат төлөө боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусун каран, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кошумча төлөм 2021 -жылдын 1-январынан баштан төлөнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Финансы Министрлигинин Ысык-Көл райондук башкармалыгына сунуштоо жагы У.Абдырахмановго жана ФЭБнүн башчысы башкы эсепчи Ж.Учкемпировага тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |