Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № 224
Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик Кодексинин" VIII-бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлорун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 44460,5 (кырк төрт миллион төрт жуз алтымыш миң беш жүз ) сом, анын ичинде атайын каражаттар боюнча 950,0 (тогуз жүз элүү миң) сом менен бекитилсин.
2. 2022-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 45459,5 (кырк беш миллион төрт жүз элүү тогуз миң беш жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
3. 2023-жылга карата 46251,5 (кырк алты миллион эки жүз элүү бир миң беш жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана ФЭБ нүн башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы "Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча" труктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |