ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № 218
Арыздарды кароо боюнча
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Сары-Ой айылынын тургуну Жекшен уулу Айтбек Сары-Ой айылынын түндүк тарабындагы аянты 7.34 га шалбаа жерди айыл чарба багытында өздөштүрүү үчүн айылга берүүнү суранган арызын карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жекшен уулу Айтбекке Сары-Ой айылынын түндүк тарабындагы аянты 7.34 га шалбаа жерди айыл чарба багытында өздөштүрүү үчүн берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча труктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |