Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
2020-жылдын 26-октябры № 200
Өрнөк айылындагы айылдык Эмканага Олжобаева Сабира Карабалаевнанын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылынын айыл тургундарынын кайрылуусун карап. талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 13,14 беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын 7 беренесин жетекчиликке алып, Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1 .Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылынын айылдык Эмканага Олжобаева Сабира Карабалаевнанын ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын астындагы тиешелүү комиссиясынан суралсын.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция, коомдук, өкмөттүк эмес уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |