Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № 203
Имаратты муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Аймактагы социалдык объектилердин курулушун камсыздоо максатында, Чок-Тал айылындагы Самак көчөсүндө жайгашкан эски мектептин аянты 1414 чарчы метр жер тилкесин Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитүү боюнча иш кагаздарды карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чок-Тал айылындагы Самак көчөсүндө жайгашкан эски мектептин аянты 1414 чарчы метр жер тилкесин Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановко милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин "Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |