Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-июлу № 10-1
Төөлөс айыл өкмөтүнүн Меркит айылынын Кара-Кечит калктуу конушундагы С.Баюми атындагы орто мектебин эмгектин ардагери А.Салиев атындагы Кара-Кечит орто мектеби деп кайрадан атоо жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн С.Баюми атындагы Кара-Кечит орто мектебинин жамаатынын кезексиз 06.05.2022-жылдагы педогогикалык кенешмесинин №5 токтомуна жана Төөлөс айыл өкмөтүнүн Кара-Кечит элинин 8-май 2022-жылдагы элдик жыйынынын №3 токтомуна негизденип.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн С.Баюми атындагы Кара-Кечит орто мектебин эмгектин ардагери А.Салиев атындагы Кара-Кечит орто мектеби деп атын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Мектептин атын өзгөртүүгө тийиштүү документтерди даярдап берүү жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине жүктөлсүн.
3. Ноокат райондук адмнистрациясынан тиешелүү жогорку органдар менен биргеликте мектептин атын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук мандат, этика, укук, дин иштери ” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З.Жороев |