Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 5-июлу № 10-2
Меркит, Муркут айылдарынын жашоочуларынын үй-салуу үчүн жер участокторун берүү боюнча арыздары жөнүндө
Меркит, Муркут айылдарынын жашоочуларынын үй-салуу үчүн жер участокторун берүү боюнча арыздарын канаттандыруу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Меркит, Муркут айылдарынын жашоочуларынын үй-салуу үчүн жер участокторун берүү боюнча арыздарын канаттандыруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, мыйзам чегинде тийиштүү документтерди даярдоо жана бир айлык мөөнөттө айылдык кенешке маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З.Жороев |