Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 5-июлу № 10-3
Жаилма айылынын күн чыгыш бөлүмүндөгү Шамшиев Эргеш көчөсүн Шералиев Эргеш атындагы көчөсү деп кайрадан атоо жөнүндө
Жаилма айылынын жашоочуларынын арызын канаттандыруу максатында.
Токтом кылат
1. Жаилма айылынын күн чыгыш бөлүмүндөгү Шамшиев Эргеш көчөсүн Шералиев Эргеш атындагы көчөсү деп кайрадан аталсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Б. Аслановага жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго милдетендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук, жана дин” иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З.Жороев |