Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 5-июлу № 10-6
Төөлөс айыл өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт тармагындагы аткарылып жаткан иштери жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт тармагындагы аткарылып жаткан иштери жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт тармагына мындан ары жакындан көмөк көрсөтүү максатында.
Токтом кылат
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт тармагындагы аткарылып жаткан иштери жөнүндөгү маселе боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А. Назарбаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт тармагына жакындан жардам көрсөтүү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго милдетендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “Социалдык, маданий, спорт, миграция, туризим жана жаштар иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З.Жороев |