Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 5-июлу № 10-7
“Төөлөс-Ноокат,, СПАсынын эгин талааларын суугат суусу жана “Төөлөс таза суу” ИСКАКБнын калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы аткарылып жаткан иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн эгин талааларын суугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштуруу, дыйкандардын суугат суусуна болгон муктаждыктарын чечүү жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган калкты таза суу менен камсыз кылууну жогорку денгээлде уюштуруп элди таза суу менен камсыз кылуудагы тейлөөнүн маданиятын жогорулатуу максатында
Токтом кылат
1. “Төөлөс-Ноокат,, СПАсынын эгин талааларын суугат суусу жана “Төөлөс таза суу” ИСКАКБнын калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы аткарылып жаткан иштери жөнүндөгү туруктуу комиссиянын торагасы К. Досматовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. “Төөлөс -Ноокат,, СПАсынын башчысы Б.Нурдиновго эгин талаалардын суугат суусу менен камсыз кылууда СПАнын иш планына ылайык иш алып баруу, суугат суусу менен камсыз кылууну жакшыртуу, “Төөлөс таза суусу” ИСКАКБсынын жетекчиси Т. Амиркуловго калкты таза суусу менен камсыз кылууну жогорку денгээлде уюштуруу милдетендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин ''Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча'' туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З.Жороев |