Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 5-июлу № 10-9
Апшыр-Сай жайлоосунда мал уурулука бөгөт кою жана токтотуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын ийри мүйүздүү малдарын, жылкыларын жандык малдарын жайлоодон жоголуп жаткандыгын эске алып, мал уурулука бөгөт коюу жана токтотуу максатында
Токтом кылат
1. Айыл өкмөтүнүн Апшыр-Сай жайлоосунда мал уурулуктун алдын алуу жана уурулукту болтурбоо максатында убактылуу текшерүү посту уюштурулсун.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М. Төрөевге милдетендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу айылдык кенештин «Айыл, суу чарба жерге жайгаштыруу экология жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай кайра иштетүү жана энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З.Жороев |