Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 5-июлу № 10-10
Апшыр кичи чордонун кеңейтүү жана куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
“Ош Электро” ачык акционердик коомунун 29.06.2022-04-12-577 сандуу өтүнүчүн канаттандыруу жана келечекте айыл өкмөтүнүн “Апшыр” разрезиндеги тоо кен ишканаларын электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында.
Токтом кылат
1. “Ош Электро” ачык акционердик коомунун“Апшыр” көмөкчү чордонун кеңейтүү жана куруу максатында 0,10га тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы камсыз кылуга тиешелүү болгон тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кенештин «Айыл, суу чарба жерге жайгаштыруу экология жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай кайра иштетүү жана энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З.Жороев |