Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2020-жылдын 15-апрели № 182
Айыл чарба техникасын лизингке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78 беренесин, Чоң-Сары-Ой айыл айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышевдин жана Коммуналдык чарба, жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Ж.Калиевдин кайрылууларын карап, талкуулап чыгып, Чон-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн турак жай, коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумуна, «Айыл банк» ААК аркылуу Полессе GS 812 КЗК-8 А 5800000 сом, комбайндын жаткасы «ЖЗК-5-1» 750000 сомго 12% менен 6 жылга 30% төлөмү жергиликтүү бюджеттен лизингке алуу жагы каралсын.
2. Полессе GS 812 КЗК-8 А комбайнын алуудагы баштапкы 30%төлөмү 1740000 миң сом, комбайндын жаткасы «ЖКЗ-5-1» камсыздандырууга 12460 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтү жана турак жай, коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумуна «Айыл Банк» ААК аркылуу комбайн «Полессе GS 812 КЗК-8 А» лизинг аркылуу алууда, «Айыл Банк» ААК менен келишимдерге кол коюуга жана башка аракет бөлүмдөрдү аткарууга укук берилсин.
4. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү жана Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумуна «Айыл банк» ААК аркылуу комбайн Полессе GS 812 КЗК-8 А жана комбайндын жаткасы «ЖЭК-5-1» лизинг катары алууда «Айыл банк» ААК алдында милдеттемелерди аткарууда тилектештик-кызматтык жоопкерчиликти аткаруучу катары катышууга укук берилсин.
5. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, ар жыл сайын атайын техниканын пайыздык төлөмү жана лизингдин негизги каражатын, пайыздарын графиктин негизинде төлөө, «Айыл банк» ААК менен келишимди түзүү, өздүк салым катары тиешелүү төлөмдөрүн төлөп туруу жагы, айыл Өкмөтү жана Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму бирдей милдеттүү.
6 .Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтомду аткаруу жагы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышевке, ФЭБ нүн башчысы Ж.Учкемпировага жана Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Ж.Калиевке тапшырылсын.
8. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» жана «Жер агрардык реформа, кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш, байланыш, транспорт, отун энергетикасы» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | К.Жумабек уулу |