Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2022-жылы 9-сентябры № V/III
Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жумагулов Сагынга айылдын ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрөгасы Мааткабылов Малик Моңолдорович Ача-Кайыңды айылынын тургундары М.Жумагулова, Р.Жумагулов, К.Сагыновдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ача-Кайыңды айылынын тургуну 21.10.1952 жылы туулган Жумагулов Сагындын көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана айыл элине кылган кызматтары эске алынып Ача-Кайыңды айылынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамытовго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасовага милдеттендирилсин.
Төрөга: | М.Мааткабылов |